Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду
ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты.
Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге карата калктын туруктуулугун жогорулатып, куткаруучулардын ишин жеңилдетет.
Тапшыруудан кийин "Ала-Арча" паркында эс алуучуларды эвакуациялоо боюнча көрсөтмөлүү машыгуу өттү.