Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу паркынын курулушу уланууда.

2021–2026-жылдары 3 975 орунга ылайыкталган "Шахтёр" борбордук стадиону реконструкцияланган.

Ошондой эле шаардын түндүк бөлүгүндө бокс залы, балдардын искусство мектебинин жаңы имараты жана А. Пушкин атындагы № 9 мектептин спорт залы пайдаланууга берилген. Шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын имараты да оңдолгон.

Мындан тышкары, президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен шаардын ички жолдорун асфальттоого, социалдык объектилерди курууга жана инфраструктураны жакшыртууга каражат бөлүнгөн.

Коммуналдык кызматтар үчүн 11 атайын техника сатып алынып, жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media
Бишкекте каналдар тазаланууда

Бишкекте каналдар тазаланууда

Борбордогу Чыгыш Чоң Чүй каналында 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки тилке тазаланууда. 700 погондук метр аянт таштанды жана камыштан арылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, канал жыл сайын жазында жана күзүндө тазаланат. Максаты - каналдардын тазалыгын сактоо жана сугат суусун үзгүлтүксүз берүү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча

Ишкер Media
Садыр Жапаров Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

Садыр Жапаров Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары жаңы мектеп, бала бакча

Ишкер Media