Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт
Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты.
Министр ошондой эле Корея Республикасынын экономиканын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүү боюнча алдыңкы тажрыйбасы жана практикалык көндүмдөрү эки тараптуу кызматташтыктын келечегин аныктоого мүмкүндүк берерин, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.
Өз кезегинде элчи Ким Квангджэ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүгүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана "жашыл" экономикага өтүү багытында көрүлүп жаткан чараларды жогору баалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнү диверсификациялоо, кызматташтыктын учурдагы механизмдерин өнүктүрүү жана кыргыз-корей экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо боюнча жаңы демилгелерди талкуулашты.


