Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду
2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен камсыз болду. Ал эми тышкы каржылоо булактарынын көлөмү тескерисинче 26,3%га азайган.
2026-жылдын январь–февраль айларында инвестициялардын негизги бөлүгү (80%дан ашыгы) турак жай курулушуна, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу, иштетүү өнөр жайы, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу, жана билим берүү тармагындагы объекттерге багытталган.