Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти
2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.
Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн.
Ошондой эле бул аралыкта Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 396,8 млн долларды түзүп, 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 11,3%га өскөн. Бул мезгил аралыгында өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүндө Россия 68,6%дык үлүш менен лидерлик кылса, Казакстандын үлүшү 29%ды түздү.