"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Бишкек мэриясы "Энесай" жана "Дордой" турак жай массивдеринин ортосунда парк уюштурууну пландап жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Ал буларды депутат Табылды Муратбековдун эки турак жай массивинин ортосундагы парк куруу боюнча мэриянын планы ишке ашырылабы деген суроосуна жооп берип жатып айтты. Вице-мэрдин айтымында, парк же сквер 20 гектар аянтка уюштурулат.

"Эскиздик план даяр, каржылоо каралган. Бирок айрым маселелер бар. Жерлердин бир бөлүгү жеке менчикте. Биз бул жерлерди мамлекеттик менчикке кайтаруу үчүн сот аркылуу аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, бул жерден Аламүдүн дарыясы агып өтөт. Ал жерде коопсуздук маселелерин чечүү керек. Бул маселелер чечилгенден кийин гана парк ачууга даярдык башталат", — деди Алиев.

Табылды Муратбеков бул маселени тезирээк чечүүнү сунуштап, жашоочулар үчүн ал өтө маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Мал уурдоонун алдын алуу максатында 14-мартта түнкү саат 02:00дө Бишкек шаарындагы эт базарларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери катышты. Мониторингдин алкагында 4 мобилдик топ түзүлүп,

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департамент жетекчилери менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Калыс-Ордо конушунда салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча билим берүү мекемеси жертөлөсү менен эки кабаттуу болуп салынып, 650 окуучуга ылайыкталат. Жаңы мектепте кең окуу

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда

Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду чыңдоого

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин  тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилүүчү полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ полимер пакеттеринин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча айрым пластик буюмдардын жүгүртүүсүнө