Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Бишкек базарларында ветеринардык документтери жок эт аныкталды

Мал уурдоонун алдын алуу максатында 14-мартта түнкү саат 02:00дө Бишкек шаарындагы эт базарларында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Мал уурдоого каршы күрөшүү боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери катышты.

Мониторингдин алкагында 4 мобилдик топ түзүлүп, Ош базары, "Алтын Така" базары, Аламүдүн базары жана Орто-Сай базары текшерилди.

Текшерүүдө "Алтын Така" базарына ветеринардык документтери толук эмес эт алып кирүү аракеттери аныкталды. Mercedes-Benz автоунаасы менен ташылып келген 16 бодо малдын этине 14 гана документ болгон. Ошондой эле Sprinter автоунаасы менен ташылган 5 бодо малдын этинен бирине берилген ветеринардык документтин мөөнөтү өтүп кеткен.

Мындан тышкары, 3 жылкыны ветеринардык документтерсиз ташуу фактысы аныкталып, Ош базарында документтери жок жылкынын этин сатуу аракети токтотулду.

Аныкталган фактылар боюнча жүктүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен