Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар
Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенерин Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат.
Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго жакын суммада жеңилдетилген насыяларды алышкан.
Ошондой эле ал кыргыз жаңгагы өлкөнүн бренддик органикалык продукцияларынын бири экенин жана дүйнөнүн 30дан ашык мамлекетине, анын ичинде АКШга, Европа өлкөлөрүнө, Россияга жана Түштүк Кореяга экспорттолорун баса белгиледи.