Нарында мектеп директорлорунан акча талап кылган чиновниктер кармалды
УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктаганын мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Тергөөдө белгилүү болгондой, мекеменин жооптуу кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен ар биринен 4 миңден 5 миң сомго чейин мыйзамсыз талап кылышкан. Айтымдарында, бул акча Эсептөө палатасынын инспекторуна каржылык мыйзам бузууларды жашырып коюу үчүн берилмек.
Тинтүү жүргүзүү учурунда кызматтык кабинеттен 68 миң сом алынып, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси табылган. Тизмеде акча өткөрүп берилгени тууралуу белгилер коюлган.
2026-жылдын 12-мартында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.У.С. кармалган. Сот тергөө бүткөнгө чейин аны убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин чыгарды. Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (пара талап кылуу) боюнча козголду.
УКМК бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.
Билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөш УКМКнын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Буга чейин да мекеме мектептерди оңдоого жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу жана акча чогултуу фактылары боюнча чиновниктер кармалганын билдирип келген.