Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат. Азырынча талаа иштери толук баштала элек болсо да, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Район боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн дыйкандар тарабынан каражаттар банкка топтолду.
Ошондой эле мамлекеттик колдоонун алкагында дотациялык үрөндөр таратылып, дыйкандарга 40 миң килограмм арпа жана 20 миң 400 килограмм буудай үрөнү берилди.
Көрүлүп жаткан чаралар жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Учурда жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекемелер дыйкандарды колдоо иштерин улантып, талаа кампаниясынын уюшкандыкта өтүшүн камсыздоодо.