Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти
Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду.
Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 2,6 %ды түздү. Бул негизинен мал чарбачылыгынын өнүгүшү менен байланыштуу. Ошондой эле 65,6 миң тонна эт өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 %га көбөйдү.
Курулуш тармагында да оң өсүш байкалып, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,9 млрд сомдутүзүп, 8,4 %га өстү. Өсүш негизинен ички каржылоонун 11,5 %га көбөйүшү менен камсыздалды.
Инвестициялардын негизги бөлүгү пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өндүрүшү, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталды.
Ошондой эле турак жай курулушунун өсүшү, Ош жана Баткен облустарында жаңы энергетикалык объекттердин ишке кириши өлкөнүн инфраструктурасын чыңдоого өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында, курулуш тармагынын өндүрүш көлөмү 23,2 %га өсүп, экономиканын өсүшүнө олуттуу салым кошту.