Эсептөө палатасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каржылык бузуулар бар экенин аныктады
КРнын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Ак-Суу районунда 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар бузуулардын болгондугун аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, жалпы 37 млн 425,1 миң сомдук каржылык бузуулар анык болуп, анын ичинен 34 млн 51,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, 32 млн 502,5 миң сому кайтарылгандыгын Эсептөө палатасынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, негизги бузуулардын эң көп бөлүгү мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо менен байланыштуу болуп, 28 млн 665,9 миң сомду түзгөн. Ошондой эле бюджетти түзүүдөгү кемчиликтер (2 млн 559,1 миң сом), каражаттарды максатсыз пайдалануу (672,8 миң сом) жана бюджетке каражаттарды толук чегербөө (493,7 миң сом) фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, мүлктү пайдалануу, ашыкча чыгымдар жана бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча да мыйзам бузуулар катталган.
Аудиттин жыйынтыгы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда каралып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштар жана жазма буйруктар жөнөтүлдү.