Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек
Бул тууралуу Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 13-мартындагы №112 жарлыгында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып виртуалдык активдердин операторлорунун (криптобиржалардын) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 миллион сомду (болжол менен 3,4 млн АКШ доллары) түзүшү керек.
Учурда иштеп жаткан виртуалдык активдерди соодалоо операторлоруна 2026-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын ушул талаптарга ылайык келтирүү тапшырылды.
Маалыматка ылайык, документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.