Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс кол койду.

Долбоор күн технологиялары, энергияны үнөмдөө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды башкаруу боюнча адистерди окутууну, билим берүү программаларын жаңыртуу жана окутуунун жаңы формаларын киргизүүнү, жаштардын жана чоңдордун эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү карайт.

Регионалдык долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө экологиялык багыттагы экономиканы өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоодо тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт

Экономика жана коммерция министрлиги жана көргөзмө уюштуруучу BiExpo компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган. Меморандумга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана BiExpo компаниясынын директору Виктор Линовицкий кол коюшту. Документ