Кыргызстанда “Ala-Too Trade & Industry Expo 2026” көргөзмөсү өтөт
Экономика жана коммерция министрлиги жана көргөзмө уюштуруучу BiExpo компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ведомствонун маалыматына ылайык, документ көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик бизнести колдоого жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны эл аралык рынокторго чыгарууга багытталган.
Меморандумга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана BiExpo компаниясынын директору Виктор Линовицкий кол коюшту.
Документ мамлекет менен жеке сектордун ортосунда эл аралык көргөзмөлөрдү жана ишкердик иш-чараларды уюштурууда өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана эл аралык соода-экономикалык кызматташууну бекемдөөнү карайт.
2026-жылдын 4–6-июнунда Бишкектеги "Жаштык" кичи аренасында "Ala-Too Trade & Industry Expo 2026" аттуу эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалып жатат.
Көргөзмөгө Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн, анын ичинде Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан мамлекеттеринен катышуучулардын келишет.