Кыргызстанда эки айда ИДП 264 млрд сомго жетти
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,8 % болду.
Экономиканын бардык негизги тармактарында өсүш байкалды. Атап айтканда:
- курулуш тармагында өсүш – 23,2 % түздү;
- өнөр жайда — 14,7 %;
- кызмат көрсөтүү секторунда — 6,7 %;
- айыл чарбасында — 2,6 % болду.
Ошондой эле ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 31,1 %, ал эми кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү 49,9 % түздү.
Адистердин баамында, мындай көрсөткүчтөр өлкөдө мурда калыптанган экономикалык өсүү тенденциясы улантылып жатканын көрсөтөт.