Өкмөт облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү тартибин бекитти
Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы жобо облигацияларды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу тартибин аныктоого багытталган. Ошондой эле облигациялар менен байланышкан мамилелерди бирдей жөнгө салуу жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатын көздөйт.
Бул чечим облигациялар рыногун тартипке келтирүүгө жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга шарт түзөт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Толук маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
Жобо менен таанышуу.