Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.
Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган.