Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады
Бензиндин баасы Санкт-Петербург товардык биржасында жыл башынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Lenta.ru маалымдады. 16-марттагы соода жыйынтыгында аталган биржада бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баалары жыл башынан берки рекорддук деңгээлди жаңылады.
- Аи-92 бензини 2,02%га кымбаттап, тоннасы 66 514 рублга жетти;
- Аи-95 бензини 1,63%га өсүп, 70 074 рубл болду;
- жайкы дизелдик күйүүчү май 1,84%га кымбаттап, 64 619 рублга жетти.
Бул көрсөткүчтөр акыркы жолу өткөн жылдын октябрь айында ушундай деңгээлде болгон. Январдан бери баалар 15%дан ашык өскөн.
Буга чейин рыноктун катышуучулары Россияда жайкы дизелдик күйүүчү майдын биржалык баасы кыйла өсүшү мүмкүн экенин эскертишкен. Себеп катары кеч келген жаз жана мунай иштетүүчү заводдордогу пландуу оңдоо иштер көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) мүмкүн болгон чабуулдары сунуш көлөмүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Ошол эле учурда россиялык өндүрүүчүлөр дизелдик күйүүчү майды Бразилияга экспорттоону эки эсеге көбөйтүштү. Февраль айында Европа Биримдиги россиялык мунайдан өндүрүлгөн нефтепродукттарды импорттоого тыюу салгандан кийин, бул өлкөгө жеткирүүлөр 680 миң тоннага жеткен. Жылдык көрсөткүч менен салыштырганда өсүш 68%ды түздү.