Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын баасы бир баррелине 103,17 долларга чейин көтөрүлгөнүн Интерфакс кабарлады.  Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,96 долларга (2,95%) жогорулап, бир баррелине 103,17 долларды түздү. 

Ал эми NYMEX биржасында WTI маркасындагы мунай 2,97 долларга (3,18%) жогорулап, бир баррелине 96,47 доллар болду.

Дүйшөмбү күнү Brent 2,8%га, ал эми WTI 5,3%га төмөндөгөн. Бул төмөндөөгө дем алыш күндөрү Ормуз кысыгынан бир нече танкердин тоскоолдуксуз өткөнү тууралуу маалыматтар себеп болду. 

Goldman Sachs аналитиктеринин эсептөөсү боюнча, жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы мунай продуктуларынын рыногуна көбүрөөк таасир тийгизүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясына бөлүнгөн бюджет 2026-жылы үч эсеге көбөйүп, 3 млрд рублден 9 млрд рублге жеткенин кечээ брифингде ЕАЭБдин Ишкерлер кеңешинин президиум мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы бул максаттарга 3 млрд рубль каралган болсо, 2024-жылы болжол менен 1,8 млрд рубль болгон. Ошентип, 2024-жылга

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү багытында маанилүү долбоор ишке ашырылды. Райондук суу чарба башкармалыгынын каржылоосу менен 30 гектар кайракы жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү аталган аянтка интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Долбоордун алкагында 15 гектар жерге алма, ал эми дагы 15 гектарга Кокон

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте ири турак жай долбоорунун алгачкы этабы болгон THE ESSENCE кварталынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул аземге шаар тургундары, инвесторлор жана коноктор катышып, аларга долбоордун концепциясы тааныштырылды. Билдирүүгө караганда, долбоорду девелопер компания RCA Living ишке ашырууда жана ал Royal Central Park аттуу масштабдуу шаардык комплекстин бир бөлүгү болуп саналат.

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалганы аталган комиссиянын расмий сайтында кабарланды. 61 жаштагы Айгүл Рыскулова буга чейин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү болуп 2020-жылдан 2024-жылга чейин иштеген.  2006-2007-жылдары Кыргызстандын Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетин жетектеген,