Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү багытында маанилүү долбоор ишке ашырылды.

Райондук суу чарба башкармалыгынын каржылоосу менен 30 гектар кайракы жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.

Жакынкы күндөрү аталган аянтка интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Долбоордун алкагында 15 гектар жерге алма, ал эми дагы 15 гектарга Кокон гиласынын көчөттөрү отургузулат. Белгилей кетсек, бакчалар бир сорттон болуп, агротехникалык талаптарды так сактоого жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Долбоордун өзгөчөлүгү — анын көрсөтмөлүү жана эксперименталдык мүнөзгө ээ экендигинде. Бул демилге дыйкандар үчүн үлгү болуп, заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Аталган аймак Бишкек–Ош унаа жолу боюнда жайгашкандыктан, долбоор кеңири коомчулукка жеткиликтүү болуп, айыл чарбадагы инновацияларды жайылтууда маанилүү ролду ойнойт.

Долбоорду ишке ашырууда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлүп жатат.
Бул демилге тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу аркылуу сууну үнөмдүү пайдаланууга, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media