Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү
2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер) менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,8%га азайганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы күбөлөндүрөт.
Төмөндөө 78,55 млн долларды түздү — өткөн жылы 1,35 млрд доллар болсо, быйыл 1,27 млрд долларга чейин кыскарган. Ошол эле учурда физикалык көлөмдө соода, тескерисинче, 16,7%га өсүп, 972,6 миң тоннага жетти.
Отчеттук мезгилде экспорттун көлөмү 116,7 млн долларды түзүп, 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 29,7%га азайды. Ошол эле учурда табигый (салмактык) көрсөткүчтө экспорт 7,5%га өсүп, 396,8 миң тоннага жеткен.
Импорттун көлөмү 1,15 млрд доллар деңгээлинде болуп, нарктык көрсөткүчтө 2,5%га кыскарды. Бирок салмактык көлөмү 24%га өсүп, 575,8 миң тоннага жетти.
Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода балансынын сальдосу терс бойдон калып, минус 1,03 млрд долларды түздү.