Кыргызстанда жасалма интеллект борбору курулат – А.Жамангулов.
Кыргызстанда жасалма интеллект тармагында инфраструктуралык кластер түзүү маселеси каралып жатканын бүгүн радио эфиринде санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, санариптештирүүнү өнүктүрүүнү имараттарды куруу же жабдууларды сатып алуу менен гана чектөөгө болбойт.
"Жасалма интеллекттин улуттук борборун куруу — бул жөн гана имарат же “темир” эмес. Биринчи кезекте бул кадрлар жана IT-компетенциялар", — деди ал.
Министр түшүндүргөндөй, борборду түзүүнүн алкагында бир нече негизги багыттар каралууда:
Биринчи — жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон эсептөө кубаттуулуктары.
Экинчи — адистер маалыматтар менен иштеп, тестирлөө жүргүзүп жана ЖИ негизиндеги чечимдерди иштеп чыга ала турган лабораторияларды түзүү. Мындай аянтчалар технологиялар аркылуу кайсы маселелерди чечүүгө болорун аныктоого мүмкүндүк берет — мамлекеттик башкаруу тармагында да, жарандардын күнүмдүк муктаждыктары үчүн да.
Үчүнчү багыт — кадрдык потенциалды өнүктүрүү. Жамангуловдун айтымында, өлкөдө жасалма интеллект менен иштөөгө кызыккан жаш адистер көп, ал эми бул багыт бүгүнкү күндө эң талап кылынгандардын бири болуп саналат.
Ал белгилегендей, ЖИни киргизүү биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга тийиш, бул келечекте калктын жашоо сапатына таасир этет. Мындан тышкары, министр долбоорду каржылоо маселеси боюнча эл аралык жана инвестициялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
"Бул чоң каражатты талап кыларын түшүнөбүз. Ошондуктан инвестиция тартуунун жана башка өлкөлөр, компаниялар менен өнөктөштүк түзүүнүн варианттарын карап жатабыз", — деп кошумчалады ал.