Быйылкы жылдан тарта 773 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт
Суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу өнүктүрүү департаменти 2026-жылдан баштап республика боюнча 773 айылда суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырыларын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда:
- 120 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат;
- 27 айыл боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө;
- 229 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда;
- 219 айыл боюнча долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтар топтолууда;
- 177 айыл үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!