Москва районунда 579 сомдук мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Москва районунда 579 сомдук  мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй облусунун Москва районунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысын аныктаганы мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерлерсиз сатылып жатканы аныкталган.

"Мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталды, ал күйүүчү майдын курамында маркер жок экенин көрсөткөн. Бул факт Учкун ААК тарабынан жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен да тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 579 миң сомдон ашкан 8,5 миң литр күйүүчү май алынган.

Мамлекеттик салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү. Чогултулган материалдар укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстан аймагында бензин жана дизелдик күйүүчү майды милдеттүү маркалоо киргизилген. Бул талап импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майга бирдей тиешелүү. Молекулярдык маркерлерсиз күйүүчү майды алып кирүү, ташуу жана сатууга тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 24-мартта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

24-мартта саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттени билдиришти. Суу берүү турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине чектелет. Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектеш аймактарда болот: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү,

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды. Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып