Маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын 1-майга чейин сатып түгөтүү керек
Салык кызматы балдардын тамагы катары катталган алкоголсуз суусундуктарга 2026-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө акциз салыгы салынып, акциздик маркалар менен маркаланышы керектигин эскерткен.
Бул талап КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтому менен киргизилген жана мамлекеттик каттоодон балдар тамак-ашы катары өткөн, ошондой эле ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга тиешелүү. Көрсөтүлгөн күндөн тартып бул продукцияны акциздик маркасы жок өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат.
Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын аймагында маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын сатуу үчүн акыркы мөөнөт 2026-жылдын 1-майына чейин белгиленген.
Салык кызматы балдар тамак-ашын өндүрүү, импорттоо жана жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөрдү салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат. Маркасы жок продукция аныкталган учурда мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.