Нарын облусуна 5 жылда 6,8 млрд сомдук инвестиция тартылды
Акыркы 5 жылда Нарын облусуна 6 млрд 800 млн сомдук чет элдик инвестиция тартылганын президент Садыр Жапаров Нарын шаарында эл менен жолгуп жатып билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, Теңир-Тоо — энергетикалык дарамети жогору аймак.
"Нарын дарыясынын зор потенциалы облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечегин кеңейтет. Учурда кубаттуулугу 100 МВттык Куланак ГЭСи курулууда. Бул долбоор ишке ашса, аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан тышкары, инвесторлор 1200 МВттык электр кубаттуулугу өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр борборун куруу иштерин баштады.
Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу салынып бүтсө, аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылып, анын эл аралык мааниси артат. Бул бир эле Нарын облусу эмес, бүтүндөй өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди Садыр Жапаров.