Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда
Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди.
Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га жогорулап, жалпы инфляциянын деңгээлине 0,85%дык пункт өлчөмүндө таасир этти.
Айрым негизги товар топтору боюнча төмөнкүдөй өзгөрүүлөр катталды:
- Нан жана дан азыктары 0,3%га кымбаттады. Бул негизинен Казакстандагы буудайдын баасынын өсүшү жана логистикалык чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу;
- Жемиштер жана жашылчалар 6,2%га жогорулады (жемиштер – 3,9%, жашылчалар – 8,2%). Баалардын өсүшү сезондук факторлор, импорттук баалар жана сактоо чыгымдарынын жогорулашы менен шартталды;
- Сүт азыктары, сыр жана жумуртка 3,6%га кымбаттады. Бул сүт өндүрүшүнүн азайышы, жумуртканын сунушунун кыскарышы жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баа жагдайынын таасири менен түшүндүрүлөт;
- Майлар жана тоң майлар 1,4%га өстү. Бул дүйнөлүк рынокто өсүмдүк майларынын баасынын жогорулашы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокто эт баалары өсүп жаткандыгына карабастан, Кыргызстанда эт продукцияларынын баасы 5,1%га төмөндөгөнү белгиленди. Бул көрсөткүч инфляциянын деңгээлин 0,7%дык пунктка төмөндөтүүгө шарт түздү.
Баалардын төмөндөшү 2026-жылдын 30-январынан тартып киргизилген мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен байланыштуу. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында уй жана кой этине чекене баалардын жогорку чеги белгиленген.
Бул чаралар ички рынокто баалардын өсүшүн ооздуктоого жана инфляциялык басымды азайтууга багытталган.