Таласка келген дарыгерлердин акысыз кароосу, узун кезек жана убараланган элдин үнү

Таласка келген дарыгерлердин акысыз кароосу, узун кезек жана убараланган элдин үнү

Бүгүн, 22-мартта Талас областтык ооруканасында “Алтын Альянс” ишканасынын финансылык колдоосунун негизинде Бишкек шаарынан белгилүү хирург, лор, уролог, гинеколог, маммолог жана кардиолог дарыгерлери келишип, акысыз кабыл алышы пландалган. Ага ылайык УЗИ, ЭХО, ЭКГ жана башка дартты аныктоо жолдору жергиликтүү калк үчүн акысыз жүргүзүлмөкчү.

“Ишкер медианын” катталуучуларынын билдирүүсүнө караганда, кесипкөй дарыгерлер 1 күнгө жана 6-7 саат убакытка гана бейтаптарды текшерүүгө убакыт бөлүшкөн. Ушундан улам, дарыгердин кабыл алуусуна жетпей калган жергиликтүү элдин нааразылыгы жаралууда. Анткени, акысыз каралууну каалаган элдин кезегинин узундугу, убакыттын чектелүүсү көпчүлүктү убаракерчиликке салган. Айрыкча алыскы райондон келген бейтаптар, мындай акысыз акцияны жок дегенде 2-3 күнгө кылса болмоктугун билдиришип, өз ойлорун комментарийге калтырышкан.  

Белгилей кетсек, 2022-жылдагы маалымат боюнча Талас облусунун калкынын саны болжол менен 274 029 адамды түзөт. Облус 4 райондон, 36 айылдык округдан жана 90 айылдан турат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер

Ишкер Media
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media