Алтындын бир трой унциясы 4 миң 200 доллардан төмөн түштү

Алтындын бир трой унциясы 4 миң 200 доллардан төмөн түштү

Алтынга болгон фьючерстин баасы бир трой унция үчүн 4 миң 200 доллардан төмөн түштү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын 9-декабрынан бери биринчи жолу катталганын Comex соода аянтчасынын маалыматтары көрсөтөт.

Бишкек убактысы боюнча саат 12:28ге карата алтындын баасы 7,22%га төмөндөп, бир трой унциясы 4 миң 244,4 долларды түзгөн. Ал эми 12:34тө фьючерс андан ары арзандап, 4 миң 231,4 доллар деңгээлине жеткен (−7,51%).

2026-жылдын май айына жеткириле турган күмүшкө фьючерс 62,11 доллар деңгээлинде болгон (−10,84%).

Ушул жылдын январь айында алтындын баасы биржа тарыхындагы жаңы рекорддук чекке жетип, бир трой унциясы 5,4 миң доллардан ашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты. Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ошто үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөй турганын шаар мэри Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет. "Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып

Эт эмнеге  кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Эт эмнеге кымбат, аны кантип арзандатса болот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору экенин айтты. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетерин жана бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады. "Этти