Декларация тапшыруу менен бирге социалдык чегерүүгө ээ болуңуз
Кыргызстанда жарандар салык декларациясын тапшыруу менен бирге социалдык жана мүлктүк чегерүүлөрдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Салык төлөөчүнүн же анын багуусундагы 24 жашка чейинки уулуңуз же кызыңыздын билим алышы үчүн каражат жумшап жатсаңыз, жыл сайын төлөп жаткан сумманын 10% чейинки суммасын кайтарып алууга угунуңуз бар. Ошондой эле турак жай сатып алуу үчүн насыя төлөгөндө мүлктү чегерип алууга болот.
КРда уюмдар жана мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин, ал эми жеке жактар менен ишкерлер 1-майга чейин декларация тапшырууга тийиш. Декларацияда киреше-чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк жана башка тууралуу маалыматтан сырткары, тийиштүү салыктык чегерүүлөрдүн пайызын кайтарып алууга болоорун билчи белеңиз? “Ишкер медиа” Мамлекеттик салык кызматынан алган маалыматка көңүлүңүздү бурат.
Социалдык чегерүүнүн максималдуу суммасы салыктык базанын 10 % ашпашы керек. Эгер салык төлөөчүнүн багуусунда үч же андан көп адам болсо, 25 % чейин болот.
Кандай билим үчүн социалдык чегерүү алууга болот?
Мектепке чейинки, мектептеги - башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн окуу керек. Эгерде багуудагы адам кошумча сабактарга жана/же ийримдерге катышса, социалдык чегерүү каралбайт. Анткени балдар үчүн кошумча билим берүү формалдуу эмес билим берүү болуп саналат жана ал эркин тандоого негизделет.
Социалдык чегерүү үчүн кандай документтер керектелет?
Бирдиктүү салык декларациясын берген учурда, эгер маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу болбосо, салык төлөөчү катталган жери боюнча салык органына төмөнкү документтерди берет:
· арыз;
· билим берүү мекемеси менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
· төлөм документтери;
· туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
· салык төлөөчүнүн жана жубайынын паспорту;
· нике же ажырашуу күбөлүгү;
· иштеген жеринен маалымкат (салык төлөөчүнүн жана жубайынын);
· үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
· чет элдиктер үчүн – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.
Окуу үчүн чегерүүнү эки ата-эне тең ала алабы ?
Бир гана салык төлөөчү окуу үчүн чегерүүнү ала алат.
Мүлктүк чегерүүнүн максималдуу суммасы жылына - 2300 эсептик көрсөткүчтөн ашык болбойт. Эгерде үйдүн акчасын башка адам төлөсө жана ал жакын тууган болбосо, мүлктүк чегерүүнү ала албайт. Социалдык же мүлктүк чегерүүгө кайрылыш үчүн салык органына арыз жана тастыктоочу документтер менен бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу талап кылынат.
Мүлктү чегерүү үчүн кандай документтер керек?
Бирдиктүү салык декларациясын берген учурда, эгер маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу болбосо, салык төлөөчү катталган жери боюнча салык органына төмөнкү документтерди берет:
· арыз;
· паспорт;
· ипотека/үй насыясы/ислам каржылоосу/ижара келишими;
· төлөм документтери;
· банктан насыя жана пайыз тууралуу маалымкат;
· тийиштүү жыл үчүн иштеген жеринен маалымкат;
· чет элдиктер үчүн – кайрылман статусу же жашоого уруксат жөнүндө документтер керектелет.
Банктык маалымкатта мүлктүк чегерүү үчүн эмнелер болушу керек?
Алынган жана кайтарылган кредиттин суммасы жана тиешелүү жыл үчүн төлөнгөн пайыздар жөнүндө маалымат.
Иштеген жерден берилген маалымкатта эмнелер болушу керек?
Тийиштүү жыл үчүн эмгек акы, кармалган киреше салыгы жана социалдык чегерүүлөр жөнүндө маалымат.