Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

26-март күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өчүрүү Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарды камтыйт. Бул аралыктагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери сууга убактылуу жетпей калат.

Суу берүү “Тоголок Молдо” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Ошондой эле жарандар “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды алып тура алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Кемин районундагы Шабдан айылында “Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026” экологиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара ипподром аймагында саат 09:30да башталат. Фестивалдын быйылкы темасы — "Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу патент алуу боюнча электрондук кызматты ишке киргизди. Салык кызматынын малыматына ылайык, эми патентти салык кызматына  барбастан эле тариздөөгө болот. Бул үчүн онлайн түрдө бир нече кадамды аткаруу жетиштүү. Патентти кимдер ала алышат? Төмөнкү соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү: базарларда жана кичи базарларда,

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

22-июнда түнкү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 432 – 435-чакырым аралыгында сел жүргөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жеринде атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.  Натыйжада жол бүгүн,таңкы саат 05:00гө карата тазаланып, каттам ачылды. Учурда жолду

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан “Белес-Резорт” туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, туристтик комплекс туруктуу