Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизилет

Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизилет

Кыргызстанда цементке молекулярдык маркалоо киргизүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ продукцияны өндүрүү жана импорттоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле бюджетке салык түшүүлөрүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан тартып өлкөдө өндүрүлгөн жана импорттолгон бардык цемент милдеттүү түрдө маркалоодон өтүшү керек. Ал эми 1-декабрдан тартып маркалоосу жок продукциянын жүгүртүүсүнө тыюу салуу пландалууда.

Молекулярдык маркер цементтин курамына кошулат жана атайын жабдуулар аркылуу анын кайдан чыкканын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул учурда продукциянын сапаты өзгөрбөйт.

Негиздеме маалымкатында бул чара көмүскө жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталгандыгы белгиленет. Баалоолорго ылайык, системаны киргизүү легалдуу рыноктун көлөмүн эки эсеге чейин көбөйтүп, жылына кошумча 3 млрд сомго чейин салыктык киреше алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле республикада беш ири цемент заводу иштеп жатканы, бирок алардын салык төлөмдөрүнүн деңгээли олуттуу айырмаланары айтылат. Бул өндүрүш көлөмдөрүнүн жашырылышы мүмкүн экенин көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Орточо эсеп менен алганда эң алыскы Чоң-Алай, Нарын, Кара-Кулжа, Алай-Куу райондорунда 15 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерибиздин айлык маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөрүн “Кабар”агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда бул дарыгерлер 56-60 миңдин

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Бишкектин Түндүк айланып өтүүчү автожолун реконструкциялоо иштери уланып жатат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жүрүү бөлүгү алты тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Курулуш иштери Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт жол тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.

Токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом грант алуу келишимине кол коюлду

Токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом грант алуу келишимине кол коюлду

Бишкекте "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 81 млн сомдук гранттык макулдашууларга кол коюлду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кол коюуга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров жана башка тиешелүү адистер катышты.

Бишкекте унаасына LED лампа койгон айдоочуларга айып пул салына баштады

Бишкекте унаасына LED лампа койгон айдоочуларга айып пул салына баштады

Бишкекте унаалардын арткы бурулуш көрсөткүчтөрүндө ак түстөгү светодиоддук лампаларды колдонуу учурлары көбөйдү. Бул жолдо кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн экенин Патрулдук милиция кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түнкү убакта кызматкерлер Hyundai Sonata унаасын токтотушкан. Айдоочу арткы бурулуш көрсөткүчтөрүнө ак LED лампаларды орнотуп алган. Мындай өзгөртүү жол кыймылынын эрежелерине каршы келет. Айдоочу жоопкерчиликке