Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Орточо эсеп менен алганда эң алыскы Чоң-Алай, Нарын, Кара-Кулжа, Алай-Куу райондорунда 15 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерибиздин айлык маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөрүн “Кабар”агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бул дарыгерлер 56-60 миңдин ортосунда маяна алышат.

“Анткени, компенсациялык төлөмдөр киргизилип жатат. Белгилүү болгондой, айлык маянадан 10% киреше салыгына, дагы 10% Социалдык фондго кармалат. Бирок, ушул киргизилген компенсациялык төлөмдөрдөн 10% эле киреше салыгы кармалат.
Бул да элибиз үчүн кичине жеңилдик болот. Алыскы райондордо бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагында “Дарыгердин депозити” деген программа иштейт. Учурда ошол программа боюнча 500 дарыгер иштеп жатат. Мисалы, алар айына 22 миң сомдон же квартал сайын 66 миң сомдон алышат”,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде шаар тургундары үчүн жаңы заманбап коомдук мейкиндик түзүлүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз курулуштардан бошотулган аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар коюлду. Ошондой эле автоматтык сугаруу тутуму жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду. Жакын арада жаңы сейил бак пайдаланууга берилип, шаар

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, алгач Министрлер Кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Жети-Өгүз курортуна баруучу унаа жолдун жана Каракол – Барскоон унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү