Кыргызстандын 52 миңдей роза көчөтү Россия чек арасынан артка кайтарылды
Россиянын Челябинск облусунда роза көчөттөрүнүн ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулганын Россия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы билдирди.
Жүк "Бугристое" өткөрмө пунктунда кармалган. Салмагы 9,3 тонна болгон партия Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнү менен, текшерүүнүн жыйынтыгында анын келип чыгышы Өзбекстанга тиешелүү экени аныкталган.
Текшерүү учурунда инспекторлор бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан: таңгакта толук маркировка жок болуп, өсүмдүктүн кайсы жерде өскөнү жана фитосанитардык абалы көрсөтүлгөн эмес.
Мекемеден белгилешкендей, тиешелүү документтери жок продукцияны Россия аймагына киргизүүгө уруксат берилбейт.
Натыйжада 52,6 миңден ашуун роза көчөтүнөн турган бүт партия көзөмөлү алдында кайра коңшу мамлекеттин аймагына кайтарылган.