Салык төлөөчүлөр салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматын текшерүүсү зарыл
Мамлекеттик салык кызматы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана салыктык эсепке алуунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында салык төлөөчүлөрдү өздөрүнүн салыктык каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырууда.
Салык кызматынин билдирүүсүнө караганда, текшерүүнү юридикалык, жеке жактар жана ошондой эле жеке ишкерлер салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Сервистер» бөлүмүндө, №24 жана №25 формаларында жүргүзүшү керек.
Төмөнкү маалыматтарга өзгөчө көңүл буруу керек:
1) катталган райондун ишкердик жүргүзүлгөн жерге/мүлк жайгашкан жерге дал келиши;
2) салыктардын жана колдонулган салык режимдеринин туура көрсөтүлүшү;
3) байланыш жана идентификациялык маалыматтардын актуалдуулугу.
Эгерде дал келбестиктер болсо, төмөнкү жол менен жоюуга болот:
- тез арада катталган жер боюнча аймактык салык органдарына кайрылуу;
- салык төлөөчүнүн кабинетиндеги «Салык төлөөчүнү кайра каттоо» онлайн кызматын пайдалануу.
Видео нускамада кеңири маалымат берилет.