Кыргызстандан - Өзбекстанга комиссиясыз акча которууга болот

Кыргызстандан - Өзбекстанга комиссиясыз акча которууга болот

Эми “Элкарт Мобайл” тиркемеси аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга акча которуу кыйла оңой жана пайдалуу болуп калды. Бул тууралуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, которулган акча картага бир заматта алуучунун картасы же телефон номеринин жардамы менен аткарылат. Бул жеңилдик эки багыттан бирдей иштейт. Которууну Кыргызстандан Өзбекстанга жана кайра Элкарт карталарына которсо болот.

Мындан сырткары Элкарт картасы менен Өзбекстанды кыдырып, сатып алган нерселериңиз үчүн төлөм жүргүзүп жана акчаны алмаштырып жүрбөстөн накталай чыгарып алууга да болот. Эң башкысы уюлдук телефондо “Элкарт Мобайл” тиркемесин жүктөп алуу талап кылынат.

💡
“Элкарт” — бул накталай эмес төлөмдөрдү, акча которууларды жана QR-төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берген Кыргызстандын негизги улуттук төлөм системасы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media