Санкт-Петербургдан 8 миңден ашуун мигрант чыгарылган
2025-жылы Санкт-Петербург шаарынан 8 миңден ашуун мигрант өлкөдөн чыгарылган. Ал эми быйыл жыл башынан бери 1,9 миң мыйзамсыз мигрант чыгарылганын Федералдык сот аткаруучулар кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жарандардын баары миграциялык режимди бузган.
Федералдык сот аткаруучулар кызматынын башкармалыгынын сүрөтү
"2026-жылы сот аткаруучулар Пулково аэропортунун чек ара көзөмөлүнө чейин 1 миң 915 мыйзамсыз мигрантты жеткирди. Алардын дээрлик 14%ы аялдар. Миграциялык режимди бузгандар соттун чечими менен мекенине жөнөтүлдү", — деп белгилешти мекемеден.
Көбүнчө Россиядан мажбурлап чыгарылгандар Тажикстан жана Өзбекстандан келген жарандар болгон. Ошондой эле Филиппин, Бразилия, Эфиопия, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдүн жарандары да болуу мөөнөтүн бузган.
Алардын баары Россияга кирүү же өлкөдө болуу эрежелерин бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Өлкөдөн чыгарылган жарандар 5 жыл бою Россияга кайра келе алышпайт.