Маркировкалоодон кийин цемент баасы кымбаттайбы?
Акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн жана маркировкалоону көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Акматов "Биринчи радио" эфиринде Кыргызстанда цементти эмне үчүн маркировкалоо пландалып жатканын түшүндүрдү.
Анын айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө курулуш көлөмү кыйла өскөн.
"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылы курулуш тармагынын өсүү темпи 20%дан ашты, 2024-жылы — 30%, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы менен — 21,1% болду. Бирок цемент өндүрүшүнүн өсүү темпи жылына 3–5%дын гана тегерегинде. Жалпысынан өлкөдө беш цемент заводу иштеп, алардын жалпы долбоордук кубаттуулугу жылына 8,4 млн тонна цемент өндүрүүгө жетет. Бирок иш жүзүндө бул кубаттуулук үч эсе аз колдонулуп, болгону 3 млн тонна цемент өндүрүлөт. Ошол эле учурда Чүй жана Жалал-Абад облустарында дагы эки цемент заводу курулуп жатат", — деди Бакыт Акматов.
Ал белгилегендей, кээде рынокто цемент тартыштыгы пайда болот. Бул болсо: эмне үчүн мындай чоң өндүрүш кубаттуулугу керектөөнү жаба албай жатат деген суроону жаратат.
"Фискалдык орган катары бизде суроо жаралат: эгер заводдор сутка бою иштеп жатса, анда демек цементтин баары эле расмий эсепке алынбай жатат", — деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, калкты эң көп тынчсыздандырган маселе — цементтин баасы кымбаттап кетеби деген суроо.
"Бул маселе ар дайым талаш жаратат. Монополияга каршы кызмат жыл сайын Кыргызстанда цементтин чыгаруучу (заводдон сатуу) баасын бекитет. 2025-жылы ал бир тоннасы үчүн 6 300 сомду түзгөн. Бардык заводдор продукциясын дал ушул баада сатышат — кымбат да эмес, арзан да эмес. Бирок калкка ортомчу компаниялар аркылуу сатылганда баа орточо 9 миң сомго чейин жетет. Маркировка кызматына албетте акы төлөнөт.
Бирок токтомдун долбоорунда анын баасын Монополияга каршы кызмат аныктайт деп көрсөтүлгөн, ошондуктан баа жасалма түрдө жогорулатылды деген шек болбойт. Бул мамлекеттик ишканалар болгондуктан, түшкөн пайда толугу менен мамлекеттик бюджетке түшөт", — деп түшүндүрдү Бакыт Акматов.