ЖИОБ 2025-жылы 19,5 миң адамды сыртка чыгарган
2025-жылы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу 5,5 миң жаран чыгып кеткен, дагы 19,5 миңи — жеке ишке орноштуруу агенттиктери (ЖИОА) аркылуу кеткенин "Биринчи радио" эфиринде аталган борбордун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылы жалпы 170 миң КР жараны чет өлкөгө чыгып кеткен.
"Биздин борбор жана ЖИОАлар жалпы 25 миң адамды ишке орноштурду, бул чет өлкөгө кеткен жарандардын жалпы санынын 15%ын түзөт. Ал эми 85%ы өз алдынча, же тааныштары жана “сарафан радио” аркылуу кетишет. Алардын айрымдары оор турмуштук кырдаалга туш болуп, эмгек эксплуатациясына, кулчулукка кабылып, адам сатуу курмандыгы болуп калышат. Корголгон каналдар аркылуу чыгуу жарандардын эмгек укуктарын коргоого жана алардын ишмердүүлүгүн мекенине кайтып келгенге чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деди Эсенбек Эргешов.
Буга улай ал акыркы жылдары чет өлкөгө иштегени чыккан жарандардын саны азайганын белгиледи.
"Беш жыл мурда жыл сайын болжол менен 1 млн жараныбыз иштөө максатында чыгып турган. Соңку учурда Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалдын жакшырганы жана айлык акылардын өсүшү менен көпчүлүгү кайра кайтып келди. Эгер мурда Кыргызстан эмгек күчүн экспорттогон өлкө болсо, азыр чет элдик жумушчуларды кабыл ала баштады. Ошол эле учурда беш жыл мурда биздин борбор жана ЖИОАлар аркылуу болгону 10 миңге чейин жаран ишке орношчу, же жалпы кеткендердин 1%ын гана түзчү. Демек, жарандар мыйзамдуу ишке орношуу жолдору тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп, көбүрөөк корголо башташты", — деп кошумчалады Эсенбек Эргешов.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга кеңеш берүү, кетүүгө чейинки даярдык көрүү иштерин жүргүзөт. Анда барчу өлкөнүн мыйзамдары, маданияты, каада-салты жана жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалымат берилет.