Алтынды жана пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү талкууланды

Алтынды жана пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү талкууланды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов коргоо чечимдерин жана товарларга байкоо жүргүзүү тутумдарын иштеп чыгууга адистешкен швейцариялык технологиялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон жана башка өкүлдөрү, ошондой эле Салык кызматынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Анын жүрүшүндө КРнын шарттарына ылайыкташтырылган алтынды жана коштоочу пайдалуу кендерди казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун ишке киргизүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Бул тутумду ишке киргизүү - кол өнөрчүлүк кендеринин ишин тартипке келтирүүгө, үлгүлөрдү алуу жол-жоболорун өркүндөтүүгө, руданы жана алтынды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга, ошондой эле алтынды жана анын сыныктарын мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоого мүмкүндүк бермекчи.

“Кыргыз Республикасында алтын кендери жана аны казып алган компаниялар көп. Бирок натыйжалуу көзөмөл механизмдеринин жетишсиздигинен маалыматтарды бурмалоо, айрым жоопкерчиликсиз субъекттер тарабынан өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер жаралууда”, – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Салык кызматы менен SICPA SA компаниясынын ортосунда олуттуу даярдык иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Өз кезегинде SICPA SA компаниясынын башкы директору Филипп Амон жолугушууну жогору баалап, алтын казып алуу тармагында мониторинг жүргүзүү тутумун ишке киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, швейцариялык SICPA SA – акча белгилерин, документтерди жана товарларды жасалмалоодон жана мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоого адистешкен компания болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды

КРнын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы күч түзүмдөрүнөн алган маалыматка таянып билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, 25-март күнү КРнын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактын жыйынтыгында, Тургунбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу активдүү уланууда

24-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын өкүлдөрү,

Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Нарында ирригациялык каналдарды жаңылоо иштери жүрүүдө

Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Кочкор районунда жүргүзүлүп жаткан бетон полотно орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапарынын алкагында министр Теңдик каналынын Көк-Жар айылындагы участогунда аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп чыкты. Кочкор райондук суу чарба

Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда

Бишкекте искусство университетинин 5 кабаттуу окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде курулуп жаткан кошумча окуу корпусунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы 5 кабаттуу имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсү, 113 дарегинде курулууда. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка