ЕАЭБде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү 22 чечим кабыл алынды
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 53-жыйынынын жыйынтыгын чыгарды.
Анын айтымында, жыйындын жыйынтыгы боюнча 22 чечим кабыл алынды. Алар бажы кызматтарынын ишинде колдонулат жана биринчи кезекте жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачыктыкты камсыздоого, ошондой эле ак ниет бизнести колдоого багытталган.
"Тактап айтканда, чечимдер маалымат алмашууга, транзит боюнча маалыматтарды толуктоого, жүктү коштоочу документтер менен алмашууга тиешелүү. Бирдиктүү тобокелдиктерди колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле убактылуу алып келинген унаа каражаттарын көзөмөлдөө тажрыйбасы каралды. Биз маалыматтык тутумдарды коштоо жана жаңылоо, ошондой эле толук кандуу электрондук декларациялоого өтүү боюнча өз ара тажрыйба алмашууну макулдаштык", - деди Салиев.