Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында  мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында белгиленген өткөрмө пункттардан тышкары ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү боюнча бир катар аракеттердин алды алынды.

Лейлек районунун чек арага жакын жерде чек арачылар Кыргызстандын жарандары башкарган Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтотушкан. Жүк бөлүгүнөн ветеринардык жана коштоочу документтери жок 12 баш ири мүйүздүү мал табылган.

Баткен районунун Карим-Бак аймагында чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө даярдалган дагы 12 баш ээси жок мал аныкталган.
Кийинчерээк Лейлек районунун Интернационал аймагында 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны өткөрмө пункттарды айланып өтүп, 14 баш малды айдап өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Дагы бир учур Лейлек районунун Сада аймагында катталып, анда "Муравей" жүк мотороллери менен бир буканын мыйзамсыз чыгарылышына бөгөт коюлган. Бул факт боюнча эки жаран кармалган.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө чек арачылар дагы үч белгисиз адам эки баш малды өткөрүүгө аракет кылып жатканын аныкташкан. Кармоо учурунда алар малды таштап, коңшу мамлекеттин аймагына качып кетишкен.

Жалпысынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүлмөкчү болгон 41 баш ири мүйүздүү мал кармалган. Кармалган жарандар жана алынган мал андан ары териштирүү жана процессуалдык иштерди жүргүзүү үчүн чек ара кызматынын бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен.  Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип,

"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин масштабдуу реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоордун алкагында аэровокзалдын аймагы 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Бул инфраструктураны кыйла кеңейтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жаңыланган комплекс заманбап технологиялуулук, ыңгайлуулук жана дизайн стандарттарына

ЕАЭБде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү 22 чечим кабыл алынды

ЕАЭБде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү 22 чечим кабыл алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 53-жыйынынын жыйынтыгын чыгарды. Анын айтымында, жыйындын жыйынтыгы боюнча 22 чечим кабыл алынды. Алар бажы кызматтарынын ишинде колдонулат жана биринчи кезекте жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачыктыкты камсыздоого, ошондой эле ак ниет бизнести колдоого багытталган. "Тактап айтканда, чечимдер маалымат алмашууга,

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес экенин экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. “Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка