Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес экенин экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт.

“Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтырууга, бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик текшерүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө ушул жылдын 31-декабрына чейин чектөө коюлат. Албетте, бул чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. Анткени алар өз иштерин тынымсыз жүргүзүүгө милдеттүү. Бирок башка текшерүү органдарынын текшерүүлөрүнө 31-декабрга чейин мораторий иштейт”, — деди министр.

Андан тышкары, жарлыктын өзгөчөлүгү катары “достук текшерүү, достук аудит” түшүнүктөрү киргизилип жатканын маалымдады.

“Жарлыктын дагы бир өзгөчө жагы бул “достук текшерүү, достук аудит” деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Ага ылайык, бирөөнүн арызына же мамлекеттин коопсуздугун сактоо максатында текшерүүлөр болсо, сиздерге кеңеш берилет. Айып пул жана башка жаза чаралары чектелген”, — деди Сыдыков.

Мындан тышкары окуңуз

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте М. Ибраимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү. Иш-чара Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күндүн алкагында уюштурулуп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу маалымат

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

"Бала ырысы" жөлөкпулун ишке ашыруу механизмдери талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводо билдиришти. Министр Канат Сагынбаев жөлөкпул Президенттин демилгеси менен киргизилип жатканын белгилеп, ал үч жашка чейинки балдарга ай сайын төлөнөрүн айтты. Жөлөкпул балдардын тамактануусун жакшыртууга, кам көрүү шарттарын

Салык карызын банктык эсептен, электрондук капчыктан өндүрүү кантип ишке ашат?

Салык карызын банктык эсептен, электрондук капчыктан өндүрүү кантип ишке ашат?

Мамлекеттик салык кызматы билдирүү берилгенден кийин 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн салык карыздарын жарандардын банктык эсептеринен жана электрондук капчыктарынан түз өндүрүп алуу тартибин түшүндүрдү. Ведомствонун маалыматына караганда, салык карызын эсептен түз чыгарып алуу дароо эле ишке ашпайт. Ал үчүн төмөнкүдөй шарттар аткарылышы керек: 1. Салык төлөөчүгө карызы тууралуу расмий билдирүү тапшырылат.

Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен.  Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип,