Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту
25-мартта Бишкек шаарында Кыргыз венчурдук саммити (Kyrgyz Venture Summit) өтүп, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инвесторлордун жана стартап-коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Иш-чара венчурдук экосистеманы өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталды.
Саммитке экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышып, стартаптарды колдоонун маанилүүлүгүн жана инновациялык чөйрөнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө венчурдук каржылоо, краудфандинг жана альтернативдүү инвестицияларды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалды.
Саммит мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун чыңдоого жана инвестиция тартууга өбөлгө түздү.


