Өлкөдөгү 500 мектепке шахмат ийримдери уюштурулат
Өлкөнүн мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар жеткирилүүдө. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 2026-2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда.
"Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7 500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бааланат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылууда. Кыргыз шахмат бирикмесинин президенти болуп шайланган саясатчы Аида Салянова өлкөдө шахматты өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн убада кылган.
Жакынкы арада Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылган. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаш шахматчыларга жолугушуп, академиянын шарты менен таанышкан.