Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары жогорулайт

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 1-апрелден тарта президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык коргоо жана башка тармактардын кызматкерлери үчүн бул төлөм бир ставка үчүн 15 миң сомду түзөт. Ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлери үчүн 5 миң сом өлчөмүндө каралган.

Мындан тышкары, 1-сентябрдан тарта айрым мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызматтык айлык акысына кошумча үстөк акылар көбөйтүлөт — иштин татаалдыгына, сапатына жана жыйынтыгына жараша 50%га чейин.

Айрым мамлекеттик органдардын кызматкерлерине (айрым түзүмдөрдөн тышкары) кошумча 15 миң сом өлчөмүндө компенсация белгиленет.

Министрлер кабинетине Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрүү жана 2026–2028-жылдарга республикалык бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Документтин аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясына жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Европа өлкөлөрүнө жумуш убада кылган фирма жоопко тартылды

Европа өлкөлөрүнө жумуш убада кылган фирма жоопко тартылды

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү фактысын аныктады. ИИМдин маалыматына ылайык, Asia Consult Visa компаниясы тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, жарандарды Дания жана Германияга ишке орноштуруу менен алектенип келген. Компания “визалык колдоо көрсөтүү” деген шылтоо менен иш жүргүзгөн. Аталган факты боюнча ишканага

"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

"Алга" стадиону жеке менчикке өттүбү? Мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы "Алга" стадионун пайдалануу тартиби жана анын макамы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, стадион аймагында батыш, борбордук жана чыгыш кире бериштер каралган. Батыш тарабы спорт секцияларына катышкан балдар үчүн, чыгыш тарабы студенттер жана шаар тургундары үчүн ачык. Борбордук кире бериш

Россияда үй-бүлөлүк ипотека программасына киргизилген өзгөртүүлөр карама каршы таасирин берүүдө

Россияда үй-бүлөлүк ипотека программасына киргизилген өзгөртүүлөр карама каршы таасирин берүүдө

Россияда үй-бүлөлүк ипотека программасына киргизилген өзгөртүүлөр күтүлбөгөн кесепеттерди жаратып, үй-бүлөлөрдүн көп ажырашуусуна себеп болууда. Бул тууралуу адвокаттык бюро ZE Lawgic Legal Solutions өкүлү Ольга Елагина РИА Новостиге билдирген. Маалыматка ылайык, жаңы эреже  боюнча бир үй-бүлөгө бир гана жеңилдетилген ипотека берилиши шартталат. Ушундан улам айрым жарандар эки өзүнчө насыя алуу үчүн

Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы айланма жол бүткөрүлөт

Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы айланма жол бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында айланма жолдун курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине байланыштуу ишке ашырылууда. Жол 4 тилкеден туруп, жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржыланууда. Учурда жер иштерин