Россия Украинанын төрт аймагын өнүктүрүүгө 12 млрд доллар бөлгөн
2024-жылдан 2026-жылга чейин Россия Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө дээрлик 12 млрд доллар бөлгөн. Бул улуттук өнүктүрүү долбоорунун алкагында башка 20 регионго бөлүнгөн каражаттан дээрлик үч эсе көп экенин Reuters агенттиги эсептеп чыкты.
Агенттиктин маалыматына караганда, Кремль темир жол куруу жана аны камсыздоого 425 млн доллардай каражат жумшады. 2022-жылдан 2025-жылга чейин төрт аймакта, ошондой эле Орусияга чектеш аймактарда 2,5 миң чакырымдан ашык темир жана автомобиль жолдору оңдолду же модернизацияланды.
Мамлекеттик сатып алуу документтерине ылайык, Крым көпүрөсү менен бирге Азов деңизинин айланасындагы транспорттук шакекченин бир бөлүгүн түзө турган "Новороссия" федералдык автожолунун курулушуна жүздөгөн миллиард рубль сарпталган. Автомагистралдын курулушуна эле 214 млн доллардан ашык суммага кеминде 20 тендер жарыяланган. Кийинчерээк Транспорт министрлиги кошумча 123 млн доллар бөлүнөрүн билдирген.
Россия бийлиги Мариуполду айланып өтчү ири жолду дагы куруп жатат. Мындан сырткары чоңураак кемелерди кабыл алуу үчүн Азов деңизиндеги Мариуполь жана Бердянск портторун кеңейтип, тереңдетип жатышат. Бул үчүн алар жалпы суммасы 13 млн доллардан ашык тендер жарыялашкан.
2022-жылы сентябрда Орусиянын армиясы жарым-жартылай көзөмөлдөгөн Запорожье, Луганск, Донецк жана Херсон облустарында өткөрүлгөн жасалма рефендумдардын жыйынтыгы жарыяланып, шайлоочулардын "басымдуу бөлүгү" Москвага кошулуу үчүн добуш бергени айтылган. Бул төрт аймакка Украинанын жалпы аянтынын 15% туура келет.