Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты.

Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады.

"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр. Мен баса белгилеп айтар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек", - деп жазды Таймурас Ташиев.

Ал ошондой эле шек саноо жана ишенбөөчүлүк болбосу үчүн тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгууну сунуштады.

"Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек", - деди Ташиевдин уулу.

"Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта президент Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" боюнча кайрылуу жасаган.

Ал "Томми молл" соода борбору өтө төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин билдирген. Президенттен аталган объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ар тараптуу, калыс жана ачык-айкын иликтеп, укуктук баа берүүнү тапшыруусун өтүнүп, кандай гана чечим болбосун, кабыл алууга даяр экенин жазган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү