Чүй облусунда балык уулоо сезону расмий ачылды

Чүй облусунда балык уулоо сезону расмий ачылды

Чүй облусунда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Балык уулоо сезону 2026" эл аралык спорттук турниринде катышып, расмий түрдө балык уулоо сезонун ачты.

Анын айтымында, Кыргызстанда балык чарбасы жана спорттук балык уулоо тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөнүн ички муктаждыгы толугу менен камсыздалып, балык продукциясын экспорттоо да өнүгүп жатат. Балыкчылар үчүн Agro-Smart платформасы аркылуу электрондук билет системасы иштейт.

Анда Адылбек Касымалиев Кыргызстан – тоолуу өлкө, ошол эле учурда Борбор Азиянын суу мунарасы экенин белгилеп, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн суу объекттери ылайыкташканын билдирди. 

Касымалиев спортчулардын жетишкендиктерин да белгиледи: Кыргызстан курама командасы "фидер" дисциплинасы боюнча 2024-жылы Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20-орунду ээлеген. Ал эми апрель айында команда Италияда өтө турган кезектеги дүйнө чемпионатына катышат.

МинКаб төрагасы балык уулоо адамда сабырдуулукту, чыдамкайлыкты жана ички күчтү калыптандырып, табият менен гармонияда болууга жардам берерин баса белгиледи.

Эске салсак, эл аралык турнир 28–29-март күндөрү Чүй облусунун Аламүдүн районунда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 60 спортчу катышкан. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы  Кыргызстан балык спорту федерациясын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш адистери үчүн онлайн тестке даярдануу мүмкүнчүлүгү ишке кирди

Курулуш адистери үчүн онлайн тестке даярдануу мүмкүнчүлүгү ишке кирди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы курулуш тармагындагы адистер үчүн жаңы онлайн мүмкүнчүлүк ишке киргизилгенин маалымдады. едомствонун маалыматына ылайык, эми адистер квалификациялык сертификат алуу үчүн тестке министрликтин расмий сайты аркылуу даярдана алышат. Ар бир адистик боюнча 200гө жакын суроо иштелип чыгып, системага жайгаштырылган. Тестке даярдануу

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымына асфальт төшөлөт

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков өлкөнүн түштүк аймагына иш сапары менен барып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында 2026-жылга карата пландар, аткарыла турган иштер жана негизги милдеттер талкууланды. Тариэль Жаныбеков бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.